КЫРГЫЗСТАН

Кыргызстан, Кыргыз Республикасы (орусча Киргизская Республика,Киргизия) – Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк –чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргызстандын калкы 5 миллиондон ашуун адам. Анын 66,9% кыргыздар, 14,14% өзбектер, 10,65% орустар жана 8,31% калган улуттар түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 56,1%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар – 8,7% түзөт. Кыргызстан – Чыгыш менен Батышты бириктире турган тогуз жолдун тоомунда – борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан.Сулайман тоо, Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзү, Таш-Рабаттарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат.

Кыргызстанда деңиз жок. Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери.

Кыргыстандын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгүТянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргызстандын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт.
Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 метр бийиктикте жайгашкан. Анын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт жана негизинен кеңдик тарапты карай бири-бирине жанаша узатасынан жайгашкан.

Чыгышта Тянь-Шандын негизги тоо кыркалары басымдуу тоо кыркасын түзүп, Меридиандык тоо кыркасынын районунда жакындашып кетет. Бул жерде Кытай, Казакстан чектешкен жерлерде Жеңиш чокусу (7439) жана Хан-Теңири (6995) көтөрүлөт.

Башкы орографикалык элементтер - Акшыйрак массиви, Көкшал тоо кыркасы, Тескей Ала-Тоо кыркасы, Күнгөй-Ала Тоо кыркасы, Кыргыз кыркасы, Фергана кыркасы.

Кыргызстандын түндүк-чыгышында деңиз деңгээлинен 1609 метр бийиктикте суунун көлөмү боюнча дүйнөдө бешинчи орунда жана тереңдиги боюнча жетинчи орунда турган Ысык-Көл көлү жайгашкан. Анын жээктеринде көп сандаган эс алуучу жайлар, пансионаттар, санаториялар, туристтик базалар бар.

Күнгөй Ала-Тоо кыркасы менен Тескей Ала-Тоо кыркаларынын ортосунда Ысык-Көл жайгашкан. Соң-Көл жанаЧатыр-Көл да чоң көлдөрдүн катарына кирет. Ысык-Көлдөн 50 чакырым чыгыш тарапта Мерцбахер тоолуу, муздуу көлү жайгашкан. Көлдүн үстүндө дайыма муздар калкып жүрөт, жай мезгилинде суунун көлөмү көбөйүп, бирок, суу бат эле буркан-шаркан түшүп жок болуп кеткендиги менен белгилүү.

Кыргызстандын батыш тарабы Батыш Тянь-Шань тоолорунун аймагында жайгашкан. Анын негизги орографикалык элементтери - Талас өрөөнү, Талас Ала-Тоо кыркалары, Чаткал тоо кыркалары.

Кыргызстандын түштүк-батыш аймагына түндүк, Фергана өрөөнүнүн түндүк, чыгыш, жана түштүк тарабы кирет. Кыргызстандын түштүгүнө Түркистан тоо кыркаларынын түндүк тарабы, Алай тоо кыркасы, Алай өрөөнү жана Алай тоо кыркасынын түндүк тарабы (Эгемендүүлүк чокусу) кирет.

Географиялык жактан Кыргызстан эки бөлүккө бөлүнөт. Түндүк жана түштүк. Түндүк менен түштүк бийик тоолууБишкек-Ош автомагистралы менен байланыштырылып турат. Түндүктөн түштүккө кеткен жол Төө-Ашуу (деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте) ашуусу, Суусамыр өрөөнү, Ала-Бел ашуусу (3200 м), Чычкан корук аймагы, Токтогул суу сактагычы, Көк-Бел (2700) жана Фергана өрөөнү аркылуу өтөт.

Бишкек шаарындагы райондор: Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов.

Баткен областындагы райондор: Баткен, Кадамжай, Лейлек. Облус карамагындагы шаарлар: Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү.

Жалал-Абад областына караштуу райондор: Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал. Облус карамагындагы шаарлар: Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлы-Суу, Таш-Көмүр.

Ысык-Көл-областына караштуу райондор: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ысык-Көл. Облус карамагындагы шаарлар: Каракол, Балыкчы.

Нарын облусуна караштуу райондор: Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын. Нарын облусунун карамгындагы шаар: Нарын.

Ош областына караштуу райондор: Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай.

Талас областына караштуу райондор: Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас.

Чүй облусуна караштуу райондор: Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй областтын карамагындагы шаарлар: Токмок.

Кыргызстан 7 административдик областка бөлүнөт — Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.

1991-жылдын 31-август айында Кыргызстан эркин мамлекет деп жарыяланган. 1993-жылдын 5-майында Республиканын Конституциясы кабыл алынган..

Кыргызстан Борбордук Азиянын орто бөлүгүндө, негизинен Теңир-Тоо аймагында жайгашкан. Жер түзүлүшү кеңири тараган кырка тоолордон жана аларды бөлүп турган тоолордун арасындагы өрөөндөрдөн турат. Республика түндүк жана түндүк-чыгышында Казакстан, чыгыш жана түштүк-чыгышында Кытай менен, түштүк жана түштүк-батышында Тажикстан, батышында Өзбекстан менен чектеш. Батыштан чыгышка карай 900 чакырымга, түндүктөн түштүккө карай 415 чакырымга созулат; чек аранын жалпы узундугу 4508 чакырым, болжол менен түндүк кеңдигинин 39 жана 43 градусунун ортосунда турат.

Тегтер

Жанылыктар архиви

^
 
Эксклюзивные шаблоны DLE скачать бесплатно для dle.
Купить электронныесигареты.
Новыешаблоны скачать для ucoz
Joomla 1.7скачать шаблоны.
Купить электронные сигаретыAtlantis можно купить.
Добро пожаловать на сайт скачать шаблоны и скрипты для ucoz.