Таш-Рабат

Таш-Рабат- 10-15кылымдарга таандык кербен сарай. Ат-Башы айылынан 78км батыш, Нарын-Торугарт автомобил жолунан 18км түштүк тарапта, Кара-Коюн капчыгайындагы суунун сол тарабында жайгашкан. Кербен сарай – жонулган таштардан ылайга отургузуп тургузулган имарат. Анын маңдай жагы (фасады) чыгыш тарапка каратылып, 4 чарчы формада курулган. Имараттын бийиктиги 20 метрдей, тик бурчтуу формадагы  31 бөлмөдөн турат. Бөлмөлөр үч топко бөлүнөт: 1) коридор. 2) коридордун эки тарабына жайгашкан бөлмөлөр 3) чоң зал жана анын тегерегиндеги бөлмөлөр. Коридордогу биринчи эшик аркылуу  үйгө өтөт. Дубалдын чыгыш тараптагы бурчтары мунаралар менен бекемделген. Имараттын негизги залына узун коридор аркылуу кирет. Коридордун эки жагында бөлмөлөр жайгаштырылган. Залы имараттын батыш тарабында, ортодо жанашып, бөлмөлөр жана кичи залдар менен байланышкан. Анын төбөсү диаметри 9 жарым метр болгон купол менен жабылган. Имараттын бөлмөлөрү  алебастр менен шыбалып, геометриялык оймо чиймелер менен кооздолгон. Эстелик алгач 19кылымдын 2-жарымында Ч.Валиханов тарабынан баяндалат.  А.Н. Фетисов, В.В.Бартольд, Н.Н. Пантусов, Л.Н. Зеланд, Б.М. Зима, А.Н. Бернштам, М.Н. Кубатбеков тарабынан изилденген.Таш-Рабат эстелиги кийинки мезгилде реставрацияланган.
Курулушу дээрлик чарчы келип,узундугу-34,8м,туурасы 32,4м.Эстеликтин төрт тарабы дүйно багытын каратып салынган. Маңдайкы бети чыгышты карайт. Имарат тоо бетиндеги жасалма аянтка курулган. Фундаменти уюлма катмарга кирип турат,тереңдиги 0,2-2м.Бүт вет маңдайы,дарбаза - эшик түркүктөрүн кыдырата таш тектирче өтөт, анын туурасы 0,65-0,85 м, бийиктиги 0,6-0,8 м. Чоң коридорунун эки четинде , ортоңку залынын төрт дубалын кыдырата, ошондой эле башка имараттары менен коридорунун бир топ жеринде да таш тектирче бар. Чоң каридору менен залынын астында жалпак жука таш төшөлгөн, калган имараттары менен коридорлорунун асты жер. Бөлмөлөрдүн планы жана өлчөму мурдагы авторлордун эмгектеринен белгилүү болгон маалыматтардан башкачараак. Бул жагынан 9- бөлмө бөтөнөлөнүп турат. Ал тегерек чатырлуу имарат, 20- бөлмө чоңураак, ага отроңку залдан 19-бөлмөнү аралап кирет.Эстеликтин планы менен өлчөмүндөгү ушундай туура келбестиктер анын башка бөлуктөрүнө да мүнөздүү.
Залынын астынан, 23- жана 27- бөлмөлөрдөн чопо толтурулган ороолор табылган. 27- бөлмөдөгү ороо сүйрөлжүн ,анын диаметри 0,9 м, жана тереңдиги 2,7 м. 23- бөлмөдөгү ороонун тереңдиги 4,2 м, диаметри 1,2 м, бирок али түбүно чейин тазаланып бүтө элек. Ушул эле имаратта өлчөмү 0,95х0,83 келген чарчы тешиктүү жертөлө бар.
Залдын ортосунда (18-бөлмө) терең ор бар. Ал ортосу тешик, кеминде он киши көтөрө турган чарчы жалпак таш менен жабылган.

Тегтер

Жанылыктар архиви

^
 
Эксклюзивные шаблоны DLE скачать бесплатно для dle.
Купить электронныесигареты.
Новыешаблоны скачать для ucoz
Joomla 1.7скачать шаблоны.
Купить электронные сигаретыAtlantis можно купить.
Добро пожаловать на сайт скачать шаблоны и скрипты для ucoz.