Нарын


Нарын облусу менен Нарын районун борбору, шаар (1927-жылдан); Ички Теңиртоо аймагындагы жол тоому. Бишкек шаарынан 365 км, Балыкчы т. ж. бекетинен 180 км. Ортоңку Нарын өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Нарындын (аты да ошондон) боюнда Аламышык жана Нарын кырка тоолорунун түн. этегинде, Бишкек–Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 2024 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 5040 га, калкы 40,9 миң (2000). Шаар жайгашкан жеринин бети тектирлүү, батышка карай жантайыңкы. Шаар аймагынын чыгыш жагы гана дарыянын оң жээгине өтөт.

Шаарды түштүктөн Нарын жана Аламышык тоолору курчап турат. Шаардын түн. тарабы чаптуу келип, дарыянын оң жээгине бийик, тик кемерлүү жар болуп түшөт. Нарын д. кууш өрөөндүн түн. чети аркылуу тик кемерлердин түбүн бойлой шар агат. Шаар суунун деңгээлинен 5–6 м бийик жаткан тектирде жайгашкан. Өрөөндүн таманынын жазылыгы 300–500 мдей, батышка бир аз кеңейет. Нарын д-нын кууш аскаташтуу нугуна (шаардын чыгыш четинде) 1868-ж. салынган көпүрөнүн батыш жагындагы чаптуу дөбөлөрдүн этегинен сууну көздөй эңиштеп кеткен түздүк чыгышты карай созулат. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –17,1°С, эң төмөнкү темп-ра –38°С. Июлдун орт. темпрасы 17,2°С, эң жогоркусу 37°С. Кышы ызгаардуу, узак, жайы негизинен мелүүн, кургак. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм, анын 71%и апрель–октябрь айларында түшөт. Топурагы ачык куба күрөң жана кара коңур. Шыбак-бетегелүү, чий жана эфемер өсүмдүктүү кургак талаа жана талаа ландшафттуу. Азыр алар антропогендик ландшафтка айланууда. Тоо капталдарында сейрек карагай, алтыгана, табылгы, төөкуйрук, түркүн чөп өсүмдүктөрү өсөт.К а л к ы (1939-ж. – 4,5 миң, 1970-ж. – 21,1 миң, 1980-ж. – 32,0 миң, 2000-ж. 40,9 миң киши) көп улуттуу, негизинен кыргыз (88%), андан тышкары орус (6,5%), өзбек (1,2%) уйгур, (0,7%), дуңган (0,6%), украин (0,5%) ж. б. улуттар жашайт.

Эмгекке жарамдуу калктын 85%и негизинен ө. жда, курулушта, соода-сатыкта, райондук, облустук деңгээлдеги кызматтарда, үй  кызматында, көмөкчү чарбаларда ж. б. иштешет. Наарын тарыхый маалыматтар боюнча Жетисуудан Кашкарга (Кытай) кетүүчү соода жолундагы кокондуктардын чеби катары 19-к-дын 30-жылдарында негизделген. Чеп 1867-ж. кокондуктардан бошотулуп, ал жерге казак-орус аскер кошуунунан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулган. Ал гарнизон Бишкек–Нарын–Торугарт соода жолундагы Нарын д-на салынган (1868-ж.) көпүрөнү, Нарынтоодогу ашууларды кайтарган. Чептин жанында чакан айыл пайда болуп, анда жашаган татар, өзбек, дуңгандар жергиликтүү кыргыздар менен соода сатык жүргүзгөн. 1903-ж. анда 875 адам (а. и. 391 орус, 230 өзбек, 64 кыргыз ж. б.) жашаган. Айыл Кашкар тарапка товар жөнөтүүгө ыңгайлуу пункт болгон. Нарын бажыканасы аркылуу жылына 5 миңге жакын жүргүнчү өтүп турган. Калкынын бир бөлүгү мал багып, мал чарба продуктуларын (жүн, тери, кийиз ж. б.) Фергана өрөөнүнө кол өнөрчүлүк аспаптарга ж. б. алмашып турган. 1913-ж. мында 1500 киши жашаган, 139 соода пункту 300 миң сомдук соода-сатык иштерин жүргүзгөн. Соодагерлерди тейлөөчү 3 кербен сарай, бажыкана, бир нече чайкана болгон. Бут кийим, кийим тигүүчү, шайман оңдоочу 5 кустардык жөнөкөй мастерской иштеген. Чиркөө, мечит, почта, лазарет, башталгыч окуу жайы (12 бала окуган) болгон. Шаарда Совет бийлиги 1918-ж. орногон. Граждандык согуш маалында шаарда баш калкалашкан ак гвардиячылар 1920-ж. ноябрда революцияга каршы козголоң чыгарган. Козголоңду Бишкек, Токмок, Караколдон келген отряд менен Түркстан полкунун аскерлери баскан. Шаар 1918-жылдан уездин, 1926-жылдан кантондун, 1939-жылдан облустун борбору. Наарын ш-нын э к о н о м и к а с ы н ы н негизин ө. ж., транспорт жана байланыш, курулуш, коммуналык турак жай чарбасы, турмуш тиричилик жактан тейлөө, соода жана коомдук тамактануу тармактары түзөт. Анда өндүрүштүк жана социалдык жактан тейлөөчү тармактардын мекемеишканаларынын көбү жайгашкан.

Нарын ш-нын жайгашкан жеринин деңиз деңг. бийиктиги, климаттык шартынын татаалдыгы, респ-нын борбору Бишкектен алыстыгы, т. ж. транспортунун жоктугу, шаардын экон. жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген. Натыйжада шаардын экон. жактан өнүгүү деңгээли Кыргыз Респ-нын башка облустарынын борборлорунан, о. эле көп шаарлардан салыштырмалуу бир топ төмөн турат. 1991-жылдан баштап респ-нын бардык региондорунда, о. эле Нарын ш-нда өндүрүштү жана тейлөө тармактарын рыноктук экономика шартына өткөрүү максатында кыйла реформалык иштер жүргүзүлүүдө. Ошого байланыштуу Н. шнын чарба жүргүзүү тармактарында структуралык көп өзгөрүүлөр болуп, менчиктин түрдүү формасындагы ишканалар жана мекемелер пайда болду.

Шаарда 194 чакан ишкана, 3 кооператив, 20 акционердик коом, чет өлкөлүктөр менен бирге уюштурулган 4 орток ишкана жана 1076 жеке ишкерлер болгон. Алар ар кандай менчик түрүнө кирет жана ө. ж. өндүрүштөрүндө, курулуш, транспорт жана байланышта, о. эле соодада ж. б. тейлөө тармактарында иштейт. Өнөр жайы өндүргөн продукциянын көлөмү боюнча Н. ш. респ-дагы 21 ш-дын ичинен 15-орунда турат. Ошого карабастан облустагы өндүрүштүк ишканалардын көбү Н. ш-нда жайгашкан. Анда 13 ө. ж. ишканасы (облуста бардыгы 20 ишкана) болгон. Ошондой эле шаарда менчик, 47 чакан, 4 чет өлкөлөр менен ортоктош ишканалар, облустук ө. ж. өндүрүштүк кооперация бирикмеси жана миңден ашык жеке ишкерлер ө. ж. өндүрүш багытында иштешет. Бардык ө. ж. ишканалары 53,8 млн сомдук продукция өндүргөн. Бул көрсөткүч облуста өндүрүлгөн ө. ж. продукциясынын 63%ин жана респ-дагы ө. ж. өндүрүшүнүн болгону 0,5%ин түзгөн. Шаардын негизги ө. ж. продукциясын айыл чарба сырьёлорун кайра иштеп чыгаруучу тамак-аш, ун-акшак жана аралаш тоют ө. ж. тармактары берет. Алардан башка жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен иштеген ө. ж-лардан электр энергетика жана алтын казып алуу тармактары бар. Ушул тармактардын ишканалары шаардын ө. ж-нын негизги тармактык структурасын түзөт. Бул тармактар облустун жалпы ө. ж. продукция көлөмүнүн 52%тен ашыгын өндүрөт.

Тегтер

Жанылыктар архиви

^
 
Эксклюзивные шаблоны DLE скачать бесплатно для dle.
Купить электронныесигареты.
Новыешаблоны скачать для ucoz
Joomla 1.7скачать шаблоны.
Купить электронные сигаретыAtlantis можно купить.
Добро пожаловать на сайт скачать шаблоны и скрипты для ucoz.